www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Унаа” мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жеке пайда көрүү максатын көздөп, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен коррупциялык схема түзүшүп, чет өлкөдөн келген автоунааларды мыйзамсыз каттап келишкендиктери аныкталды.

Атап айтканда, Р.Т. аттуу жарандын оң рулдуу “Тойота-Альфард” үлгүсүндөгү автоунаасын каттоого алуу учурунда, С.А. аттуу жаранга таандык “Форд Фокус” үлгүсүндөгү автоунаасында 2014-жылдан бери каттоодо турган D....ХХ сандуу мамлекеттик белгисин алмаштырды деген мааниде расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен автоунаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана 06 КG... ХХХ мамлекеттик белгисин мыйзамсыз жасап беришкен.

Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу автоунаалар каттоого алынбай тургандыгы мыйзамда көрсөтүлгөнү менен "Унаа»" мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жогорудагыдай эле мыйзам бузуу менен 16 автоунааны каттоого алышып, мамлекетке 14 млн 340 297 сомдук зыян келтиришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты Жазык Кодексинин 320-беренеси ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 329-беренеси ("кызматтык жасалмачылык") менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости