www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Орхан Инанды тууралуу түрдүү пикирлер айтылууда. Кыргыз билим берүү системасына ал адамдын кошкон салымы тууралуу сиз кандай ойдосуз?

- Орхан Инандынын кыргыз билим берүү системасына кошкон салымы өтө чоң. Эгемендүүлүк алган жылдары Түркиядан келишип, бир топ райондордо, Бишкек шаарында түрк билим берүү системасын биздин мыйзамдарга ылайыкташтырып, атайын ушул мектептердин базасында жакшы билим берүү системасын курушкан.

Бул окуу жайдан бир топ улан-кыздар алган билимдеринин негизинде кыргыз мамлекетине кызмат кылып жүргөн азаматтарды четинен санап айтсак болот. Бир топ түрк лицейлеринде окуган уланкыздар алыскы чет өлкөлөрдө татыктуу иш алып барып жаткандарын эл жакшы билет.

Ошондуктан Орхан Инандынын кыргыз билим берүү системасына кошкон салымы эбегейсиз зор. Өзү дагы адам катары уюштургуч, билим берүү системасын Түркия менен Кыргызстандыкын айкалыштырып, ошонун ортосунан жакшы тутумду түзүп берди.

Билим алуучулар ар кайсы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларга барышып, алдыңкы орундарды алып келгендери буга далил. Ошондуктан Орхан Инанды адам катары да кыргыз элине таанымал, татыктуу инсандардын бири десек жаңылбайбыз.

- Билим берүү системасындагы эң жүрөк ооруткан көйгөй катары эмнени айтасыз?

- Жүрөк оорута турган толгон-токой көйгөйлөр бар. Аларды четинен санасак, бизде, айрыкча жогорку окуу жайлардагы жана мектептердеги билим берүү системасы жылдан-жылга төмөндөп баратат. Эгемендүүлүктүн отуз жылдыгында окуу жайларда сандан сапатка өтчү мезгил келди. Бүгүнкү күндө бир-эки эле ЖОЖ талапка жооп бере алат, рейтингдери жогору.

Ошондуктан мамлекеттик стандартты кайрадан жаңыча карап чыгыш керек. Жаңы билим берүү концепциясын иштеп чыгуу шарт. Учурда Конституциянын жаңы редакциясына айкалыштырып жакшы бир дүйнөлүк талапка жооп бере тургандай концепция болсо, анын негизинде бир топ нерсени өзгөртүп, кайрадан карап чыгуу мезгили келди. Биринчи кезекте мектептеги мугалимдердин сапатын оңдоо зарыл.

Мектептин мугалимдерин даярдаган ЖОЖдордун өзүн кайра аттестациядан өткөрүп, мамлекет тарабынан педагогдорду даярдай турган окуу жайлардын макамын көтөрүү мезгил талабы. “Шайлоо-шайлоо” деп жүрүп, мыкты системаны талкалап, акырына чыкканы калдык. Ошондуктан системаны кайра карап чыгуу зарыл.

Буга азыркы бийликтин, Садыр Нургожоевичтин эрки жетет го. Көйгөйлөрдү санай бербей, эң биринчи кезекте сапатын жогорулатуубуз керек. Кыргызстанда канчалык татыктуу кадрлар көбүрөөк болсо, экономикабыз дагы, мамлекетибиз дагы күчтүү болот.

- ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу туурабы? Кандай сапат болот?

- Албетте, туура эмес. Бирок айла жоктун иши. Бүгүнкү шартка жараша болуп жатат. Эгерде азыр пандемия жок болсо, сөзсүз түрдө ар бир окуу жайдын өзүнө келип тийиштүү деңгээлде сынак өткөрүлмөк. Бирок, учурда онлайн өткөрүүгө аргасызбыз. Бул деле утурумдук иш. Келечекте айрым окуу жайларда мурунку советтик классикалык сынактарды өткөрүү талап кылынат. Онлайн сынактар компьютер аркылуу болгондуктан көп абитуриенттердин ички туюму жакшы ачылбай, кадрлар сапаты начарлап барат.

Булак: Азия News гезити

Последние новости