www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте "Унаа" мекемесинде сынак тапшырууда мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси ишмердүүлүгүн улантууда.

Жогоруда аталган жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүндө теориялык сынакты тапшырууда курсанттар тарабынан аудио-видео техниканы колдонуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттердин 2 фактысы аныкталды.

Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости