www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Уран Рыскуловду кепке тартып, айрым саясий жагдайлар боюнча пикир алыштык.

--Уран мырза, кечээ Биринчи май райондук сотунун алдына барган Атамбаевдин тарапташтары Жээнбеков, Матраимов камалсын деген ураандарды көтөрүп жүрүштү го? 

--Биздин президенттердин тагдырын ойлоп алып зээним кейип кетет. Эки президентибиз качып жүрөт. Бирөө түрмөдө. Аларды ким качырды да, кимдер камады? Ошону билип алсак болот эле. Айтайын дегеним, Кыргызстан гербибиз, желегебиз, көз карандысыздык майрамын белгилеген күнүбүз бар эгемендүү мамлекетпиз. Андай болсо, анда неге короновирус дүйнөгө чоң өзгөрүү алып келди. Мына ушул жагдайдан кийин биздин бийликтин үстүнөн эл аралык финансылык институттар көзөмөл кылаарына ынанышыбыз керек. Демек, Атамбаевдин тарапташтарынын Матраимовду камалсын, Жээнбековду кетиребиз дегени күлкүнү келтирет. Анткени, бул бийликти кетирүүнүн он жылдап калыптанган схемасы бар. Эл аралык финансылык институттар башында бийликти колдогондой түр көрсөтүп, президенттин мөөнөтү аяктаар мезгилде чабуулду башташат. Тагыраагы, президентти ошолор оппозициянын колу аркылуу революциялык жол менен кызматтан кетиришет. Ошон үчүн өзүбүздү өзүбүз алдаганды токтотушубуз керек. Бүгүн эскиче батыштын демократиясы менен жашаганга болбой турганын мезгил тастыктады жана батыш политологдору аны моюндарына ала башташты. Ошон үчүн коронавирус дүйнө жүзүндө жаңы өзгөрүүлөрдү, жаңыча ой жүгүртүүнү, жаңы идеяларды сунуштаган доорду алып келиш керек.

--Шайлоо босогосу канча пайыз болсо, адилеттүү шайлоого, чыныгы атаандаштыкка  шарт түзөт?

--Шайлоо босогосу 7 пайыз же 9 пайыз дегендери элдин көзүнө чаң чачмай деп түшүнөм. Ал пайыздарды алып салса да же аны мындан да жогорулатып жиберсе да эч нерсе өзгөрбөйт. Каалайбызбы же каалабайбызбы мезгили келгенде партиялык шайлоодон кетебиз. Чынында партиялык тизме Жогорку Кенешке мафиялык-кылмыштуу топтор өтүш үчүн гана шарт түзөт экен. Күздөгү шайлоо партиялык тизме менен өткөн шайлоонун акыркысы болот. Айтты койду дээрсиңер ошол шайлоодогу депутаттар бүгүнкүлөрдөн да жүзүкара болот. Ошондо гана эл эсине келет.

Булак: NazarNews.org

Последние новости