www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Надира Нарматова жалпы мусулман калкын арапа, айт майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоосу төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Ассалом алейкум, момун мусулман жакшылар! Кирип келе жаткан улуу арапа, айт майрамыңыз маарек болсун! Аллахым үйүңүзгө жылуулук, жүзүңүзгө нур, өмүрүңүзгө чексиз убакыт, көңүлүңүзгө шаттык, ишиңизге оомат, колуңузга береке, жакындарыңызга кубаныч, бири-бириңерге ишенич буюрган болсун. Сезимиңизге Алла, тилиңизге бисмилла, дилиңизге ыйман, ынсап, напсиңизге чектөө, колуңузга курандан буюрган болсун. Жашооңуздун жүрүшүндө сизге Кааба зыяраты, куран окууну, намаз окууну, тил салааватын, ыйман, ынсап сактоону, акыл парасатта болууну, ырыс-кешикке ээ болууну, дуба кылууну, ден соолукта болууну, бакытка жетүүнү, сабыр канаатта болууну, кечиримдүү болууну, кекчил болбоону, бактылуу, таалайлуу болууну, акырет бактылуугун насип кылган болсун.
Сизди жана сиздин жакындарыңызды чын дилимден куттуктаймын. Алтын башыңыздар аман болсун. Коронавирус деген апааттан эсен-аман, жаныбыз, жакындарыбыз, элибиз аман болуп, кутулуп, кадимки жашоого эч нерсе болбогондой киришип, ынтымакта, биримдикте болуп, терс көрүнүштөрдү, жагымсыз ойлорду артка таштап, жашообузду маңыздуу жашоо жолуна түшкөндү Жараткан эгем ар бирибизге насип кылган болсун. Омийиин. Сиздерди терең урматтоо менен Надира Азимовна Нарматова", - деп жазган экс-депутат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости