www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов айтканына таянып, өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

«25-майдан баштап коомдук унаа иштеп баштайт. Мындай чечим жарандар ишине жетиши үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Бирок ар бир тарап – жергиликтүү бийлик органдары, транспорттук компаниялар, карапайым жарандар инфекцияны жугузуу тобокелдиги канчалык деңгээлде өскөнүн түшүнүүгө тийиш. Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жазылган санитардык эрежелер бекем сакталышы шарт. Беткап, дезинфекциялоо, коомдук унааларда жүргүнчүлөрдүн чектелген саны – бул катуу көзөмөлгө жана туруктуу байкоого алынуучу милдеттүү талаптар. Азырынча аймактар аралык коомдук унаалар каттабайт», - деди Кубатбек Боронов. 

Ыкчам штабдын жыйынына медицина чөйрөсүндөгү окумуштуулар коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча илимий-консультативдик эксперттик кеңеши чакырылган. Алар учурдагы эпидемиологиялык абал жана жакынкы бир нече айга мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу көз караштарын айтып беришти.

Медицина мекемелерин күзүндө инфекцияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүүсүнө даярдоонун, медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуунун, мобилдик лабораторияларды өнүктүрүүнүн, жеке коргонуу кийимдерин жана тест-системаларды ата мекендик өндүрүү үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Калкты бул мезгилге даярдоонун, анын ичинде социалдык дистанция жана санитардык эрежелерди кынтыксыз аткаруу зарылдыгына өзгөчө басым коюлду.

Булак: NazarNews.org

Последние новости