www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй ууруларынын тобу кармалып, көптөгөн уурдалган мүлктөр табылып алдынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында коомчулук тарабынан тынчсыздандырууну жараткан батирлерден мүлктөрдү уурдагандар менен күрөшүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тартылган. Ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда ыкчам кызматкерлер Улан аттуу жаранды байкап калышкан. Мындан аркы жүргүзүлгөн иштин жүрүшүндө анын өздүгү аныкталып, ал мурда соттолгон Нарын облусунун тургуну 1998-жылы туулган М.уулу У. болуп чыккан. Аныкталгандай, ал жатак абагынан качып, жашырынып жүргөн. ЖАМКда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Шектүүнүн аты-жөнүн, чөйрөсүндөгү жана кылмыштуу байланыштарын аныктоо менен ыкчам кызматкерлер анын шериктештерине чыгышкан.

2020-жылдын 9-майында Бишкек шаарынан 1998-жылы туулган М. уулу У. кармалган. Аны менен кошо мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунун тургуну 1997-жылы туулган А. уулу К. дагы колго түшкөн. Андан сырткары жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар үчүнчү жарандын өздүгү такталып, ал издөөгө алынган. Маалыматка караганда, үчөө тең жазасын өтөп жаткан кезде тергөө абагында таанышкан.

Жакында Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн короосунда шектүүлөрдүн бирине таандык «Toyota Vitz» үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Алар бул унаа менен уурдалган мүлктөрдү ташып жүрүшкөн. Уурдалган мүлктөрдү алар тааныш сатып алуучуларга өткөрүп келген. Милиция кызматкерлери уурдалган мүлктөрдү кимге сатып жүрүшкөндөрүн дагы аныкташкан.

“Башында ыкчам кызматкерлер сатып алуучуларга таандык жүк ташуучу унааны байкап калышкан. Шектүүлөрдүн жана сатып алып кайра сатып жүргөндөрдүн жашаган жерине тинтүү жүргүзүү учурунда уурдалган буюмдар: сыналгы, кир жуучу машина, саат, алтын жасалгалары жана башка буюмдар табылган. Кармалган жарандардын шаардагы жана аймактардагы бир катар уурулукка тиешеси бардыгы аныкталды.

Алсак, Ленин району - 22 факты, Октябрь району - 2 факты, Чүй облусунун Сокулук району - 2 факты. Андан сырткары үй уурулары Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 4 уурулук фактысына тиешеси бардыгы тастыкталды. Бардык фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Болжолдуу алдын ала маалыматка караганда, кылмышкерлер 30 уурулук фактыларына тиешеси бар. Азыркы учурда бардык факты боюнча мындан аркы тергөө иш-чараларын жүргүзүү менен үчүнчү жаранды кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Соттун чечими менен кармалган жарандар эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы каралды", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости