www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Урмат мырза, КСДП партиясы тараткан Нариман Түлеевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жазган катынын канчалык деңгээлде чындыгы бар? Ишенсек болобу?

--Нариман Түлеевдин КСДП чыгарган каты карандай калп. Булар 2010-жылдан бери калп сүйлөй берип көнүп калган. Же буларды каргыш албайт же ант урбайт. Кат боюнча мен, Нариман Түлеевдин жанында жүргөн күбө катары айтып берейин. Нариман Түлеевдин атынан Нарындын ак сакалдары, Чыныбай Турсунбековдун алдына барышкан. Алар, Чыныбайга, Нариман Түлеевдин ак экенин жана ММК аркылуу берилип жаткан маалыматтарга ишенбей тургандыгын, тергөө иштери туура эмес жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, чындыкты талап кылып барышкан. Чыныбай Турсунбеков, арадан убакыт өткөндөн кийин , “президент Алмазбек Атамбаевден жооп алып чыктым, Нариман Түлеев кечирим сурап кат жазып берсе эле, кылмыш иштерин жеңилдетип, мунапыс менен сотторго айтып бошотконго жардам беремин”, деп айткандыгын Салыбек аксакалга кабарлаган. Биз ошондо Нариман Түлеевге, “Атамбаевге кат жазбайсызбы? Камакта жата бергениңиз туура эмес, элдешип алыңыздар”, деп кайрылганбыз. Тилекке каршы, Нариман Түлеев: “Мен акмын, ак жеримден каралап жатышат. Кытайдан алынып келинген автобустардын келишимине карабастан, прокурор Салиев, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын аткарып, Атамбаевдин “буюртмасы” менен мени камады. Чындык бүгүн жок болсо, эртең чыгат. Мен, Алмазбек Атамбаевден кечирим сурабаймын, мунапысынын мага кереги жок, калганы өзүнө буюрсун. Баарына Кудай тараза”, деп айткан. Ошол боюнча кат темасы жабылып, Нариман Түлеевден, Алмазбек Атамбаев күткөн “салам каты менен кечирим каты” жазылбай алган. Бул кат бүгүнкү күндө кимдир бирөөлөрдун колу менен жасалма болгондугу калдайган калың журтка маалым болду.

--Салыбек Чөлүев деген ким, Нариман Түлеевдин жакын адамыбы?

--Салыбек аксакал, Нарын районунун ардактуу атуулу, айылдын кадырлуу аксакалы. Чындыкты бетке айткан адам. Бирок бул адам Нариман Түлеевге жакын эмес, ал чындык деп күйгөн адам. Бир нерсени эске сала кетейин,Салыбек аксакал КСДПнын Нарын облусу боюнча мүчөсү жана аталган партиянын шайлоо учурларда партиянын эң ишенимдүү адамы болуп келген. Ошондуктан бул спикер Чыныбай Турсунбековго кирип айта алган. Ал убакта ар ким эле ЖК төрагасына кире алган эмес да.

--КСДПнын катына Нариман Түлеев эмне деп жооп айтты?

--КСДП тараткан кол жазма боюнча атайын эксперттерге бере тургандыгын ошондой эле, Алмазбек Атамбаевди “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроосуна” дебатка чакырды. Андан сырткары Нариман Түлеевди кимдер ак жеринен каралап, буюртма кылган адамдарды ачыкка чыгарат. Андыктан Нариман Түлеевге бут тоскондордун аты-жөнү ачыкка чыгат. Кудай буюрса, Түлеевден бир нече адамдар кечирим сурап, сотто күбө болоорун билдирип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости