www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын Конституция күнүнө карата болгон куттуктоосу

Куттуктоонун тексти:

Сиздерди Конституция күнү менен куттуктайм. Жылдан-жылга биз бул күндү мамлекеттик майрам катары белгилеп келебиз. Бул майрамды өлкөнүн негизги укуктук докумени үчүн эле эмес, эң алгач өзүбүздүн тандообуз үчүн, өзүбүз үчүн майрамдайбыз.

5-май күнү Кыргыз Республикасында Конституция күнү- өлкөнүн негизги мыйзамынын күнү белгиленет. Анткени,  1993-жылы Кыргызстан Республикасынын Жогорку кеңешинин XII- сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.

Конституцияга ылайык адамдын жана жарандын укугу жана эркиндиги мамлекеттик ишмердүүлүктүн маанисин жана мазмунун аныктайт.

Баш мыйзам өлкөнүн өнүгүшүн багыттап, коомдун турмушун иретке келтирет. Өлкө бир орунда турбайт. Ал күнүгө өзгөрүлүп, мыйзамдарда дагы өзгөрүүлөрдү талап кылат. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттин жашоосунда мындан ары да ишенимдүү пайдубал боло турган бир канча жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм жана сиздерге ден-соолук, бакубатчылык каалайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости