www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башаламан эле абал. Мыйзам карапайым элге эле иштейт. Чоңдорго болсо, ар дайым бармак басты, көз кысты кылышып, ишти жең ичинен бүтүргөн, кадимкидей көнүмүш адатка айланды.
Деги качан мыйзам иштейт? Тандалма, өң карама саясаттан кутула турган күн келеби?
Чоң акырдан "жем жешип" табакташ болуп калган чоңдор, карга карганын көзүн чукубайт болушуп, кандай кылмыш иши козголуп, айыпталып абакка отурушпасын, бирин-бири калкалап, жазадан жеңил кутулуп жатышат.
Мына Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаев мамлекетке 130 миллион сом зыян келтирди делип камалып, 25 миллион сом төлөп чыкты дешти эле.
Бирок бир сом төлөбөй эле, болгону кызматын тапшырып берип маселе чечилгенин Самаев өзү көрүнгөн жерде мактаныч менен кеп кылып жүргөнү сөз болууда.
Демек, олчойто жеп, жегенинин 5тен бирин кусуп бергени да жалган экен да. Бийлик элдин көзүн будамалоо менен кылмыш ишин "Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" кылып, жапкан тура.
Чынында ким канча кусуп жатканын эч ким текшере албайт. Жөн эле жел сандар менен коомдун кулагын семиртип жатышкандай. Болбосо, ар бир "кусуп" абактан чыккандардын төлөгөн айыбы, ачык эсепте коомго көрүнүп тургандай болуш керек эле.
Булак: NazarNews.kg