www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түштүктөн чыккан бир талапкерге түйүлөбүз, өзүбүздүн баланы хан шайлайбыз» деген регионалисттерден бу саам Үсөн Сыдыков бийик туруп, эски үзөңгүлөштөрүнө кошулбай атканында эмне сыр бар?

Жандырмагы жөнөкөй эле. «Карт бөрүнүн» эрке талтаң уулу Бакыт Сыдыков РАЖдан депутат болгону, мындан ары лидерин аягына чейин колдой турганын эшиттик.

Эгерде Өмүрбек Бабанов президент болсо, Бакыт мырза «май талкандуу» жол, транспорт министрлигин ээлеп, бактылуу болууну кыялданган чагы тура. Тыңгылыктуу лидери чыкпаган «түпкүчтөй түйүлгүчтөргө» кошулгандан көрө, ата-бала Сыдыковдор келечектүү Бабанов менен бирге саясатты улап, топтоп алган акчанын күчү менен электоратын бурса, шайлоодо жетиштүү добуш алышса, анан жүздөрү жарык болот да.

Ток этери, баардык жагын таразалаган Үсөн Сыдыков баласын Бабановдон ажырабаганга үндөп, регионалисттерге далысын бекер салбаса керек да-а.

Булак:"Азия Ньюс"

Последние новости