www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лыжа тепкен кишини чагылдырган сүрөт ушул убакка чейин билинген эң байыркы сүрөт болчу...
Норвегиялык бала Алстахаугс шаарындагы таш доорунан бери калган 5 миң жылдык таш оюу-сүрөттөрүн (пиктограмма) так, даана көрсөтүү үчүн оюп чыкты.
Лыжа тепкен кишини чагылдырган сүрөт ушул убакка чейин билинген эң байыркы сүрөт болчу...
Келтирген зыянын билбестен, жакшы ниет менен кылган норвегиялык баланын аты-жөнү жашы кичине болгондуктан ачык айтылган жок.
Алстахаугс муниципалитетинин жетекчиси Бард Андерс Ланго зыян келтирилген сүрөттүн Норвегиянын эң таанымал тарыхый символдорунан бири болгондугун белгиледи.
“Абдан өкүнүчтүү абал. Бул пиктограмманы 5 миң жыл мурдагы накта абалындай мындан кийин көрө албайбыз,”- деди.
5 миң жылдык пиктограмма 1994-жылы Норвегияда болгон Лиллехаммер кышкы олимпиадасынын логотибинде да эргүү булагы болгон.
Булак: "trt.net.tr"