www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында уу коргошунга ууланып ооруканага түшкөн бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Баарынын абалы жакшы, туруктуу. Дарылануусун улантып жатышат», — дешти ведомстводон.
Белгилей кетсек, кечээ, 20-апрель күнү, уу коргошунга төрт адам ууланып, ооруканага түшкөн. Алардын бири тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан.
Ага чейин ооруканага 71 жана 67 жаштагы жубайлар түшүп, алдын ала диагнозу «аконитке уулануу, аритмогендик шок» деп коюлган.
Эске салсак, андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Булак: NazarNews.kg