www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалыматтык агенттиги буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз элибиздин таланттуу, сүймөнчүк  жана мукам үндүү ырчысы Нурлан Насип жана анын “Керексиң” аттуу ыры болмокчу. Бул ыр былтыркы жылы жарыкка чыгып, тез убакыттын ичинде хит ырга айланганы баарыбызга маалым. Репертуарындагы ырларынын дээрлик көпчүлүгүн өзү жазган Нурлан бул ырына да автор болуп саналат. Ырдын обону Нурлан Насипке таандык болсо, сөзүн Зарлык Камбаралиев жазган.

Ыр жарыкка чыккандан бери көп ирет уктум. Оюма эски хит ырлар келе берип көпкө изденип калдым. Акыры таптым десеңиздер... Көрсө, жаштыгымда калтырбай угуп жүргөн Орусиянын таланттуу композитору Игорь Николаевге таандык “Пять причин” ырына окшоштурмун. Эки ырды коюп алып улам угам окшош. Демек, мелодия, музыкалык стиль көчүрүлүп алынган. “Керексиң” ыры жарыкка чыккан соң казактар көз артып которуп ырдап чыгышса, корей ырчылары да бүгүнкү күндө аткарып жүрүшөт. Эмне дейбиз? Изденип, эмгектенип ар бир ырды жараткан ырчыларыбыздын саны арбын болсун!

Төмөндө ырдын төрт варианты тең бар. Ырларды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Орустардыкы:

Кыргызча:

Казактардыкы:

Корейлердики:

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости