www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Индия менен Пакистандын ортосундагы конфликттин курчуп кетишин уят деп атап, анын тез арада жөнгө салынышына үмүт артты.
«Бул уят. Менимче, адамдар мурунку окуяларга таянып, бир нерсе болушу керек деп ойлошкон. Индия менен Пакистан көп кылымдан бери согушуп келишет. Мен мунун баары тез эле бүтөт деп үмүттөнөм», деди ал журналисттерге.
7-майга караган түнү Индия Пакистандагы террордук инфраструктурага каршы «Синдур» операциясын баштаганын жарыялады. Индиянын Коргоо министрлиги тактагандай, пландалган тогуз объектиге сокку урулган. Ведомство аскерлердин аракеттерин максаттуу, салмактуу жана абалды курчутуучу мүнөзгө ээ эмес деп атады.
Индия менен Пакистандын ортосундагы конфликттин курчушуна Жамму жана Кашмир союздук аймагынын Анантнаг тоолуу районунда жайгашкан Пахалгамдагы теракт себеп болду.