www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП фракциясынын «балапан ооз» депутаты Узарбек Жылкыбаев (Акаев учурунда УКМКны башкарган Калык Иманкуловдун бөлөсү) ушул күндөрү парламент трибунасынан адалсына сүйлөп, тим эле апакай көрүнгөнгө далалат кылганын кантесиң? Ушул эрендин Ысык-Көлдөгү кадрдык иштерге баш салып, тажатканы басма сөз беттерине канчалык жарыяланса да, партия жетекчилиги үн катпаганы неси?

Узарбек Жылкыбаевдин бир тууган агасы Камчы Көлбаевдин жакын досу катары УКТ катарында турганы жалганбы? Өзү бийликчил партиянын катарында турса, агасы «кара дүйнө» өкүлдөрүменен катташса, бул жагы кандай болот? Же бул депутаттын артына уйгактай жабышып жүргөн мындай жарлыктардан президент Атамбаев кабардар эмеспи? Алмазбек Шаршеновичке Узар тууралуу туура маалыматтар жетсе, кайран эргул мандаты менен кош айтышып, көнгөн пансионатына барып тирилигин кылып калат го?

Бул тууралуу кенен маалыматтар жакынкы күндөрү парламент трибунасынан козголоору боюнча кеп кетти. Иши чатагына айланып калбайбы?

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости