www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия муктаж өлкөлөргө жардам жөнөтөт

Ар бири 3 миллион адамдын бир айлык азык-түлүк муктаждыгын камсыздай турган кемелерден биринчисине Мерсиндеги Ташужу портунан жүк жүктөлө баштады.

Кайрымдуулук айы Рамазанда Түркиядан Африкага мээримдүүлүк колу сунулууда.

Түрк Кызылайы, президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен жарандык согуш, оору жана жокчулуктун айынан адамзат кризисине туш болгон Сомали, Йемен жана Судандагы муктаж кишилерге 3 кеме толтура азык-түлүк жардамын жөнөтүүдө.

Ар бири 3 миллион адамдын бир айлык азык-түлүк муктаждыгын камсыздай турган кемелерден биринчиси-Себатка Мерсиндеги Ташужу портунан жүк жүктөлө баштады.

Түрк Кызылайынын баш катчысы Керем Кынык, бул тема тууралуу маалымдоосунда: «Бул биз үчүн сыймык булагы, мактаныч маселеси. Адамзатка болгон карызыбызды кандайдыр бир түрдө төлөп жаткандыгыбыз үчүн да жоопкерчиликтерибизди орундаткан болобуз. Кемеде орто эсеп менен миң фура толтура гуманитардык жардам материалдары бар»,-деди.

15 тонналык Себат аттуу жакшылык кемеси кайрымдуулук айы Рамазандын ичинде Сомалиге багыт алат.

Себаттын багыт алышы менен бирге акыркы 6 айда Түркиядан жакыр өлкөлөргө 16чы жардам кемеси жөнөтүлгөн болот.

Бул кеменин артынан Йемен жана Суданга жөнөтүлө турган 2 кеме менен бардыгы 9 миллион адамга азык-түлүк жардамы жеткирилген болот.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости