www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий сапар менен Словакияга барган Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, европалык лидерлерге кайрылып: «Жактыр же жактырба, Түркия Европанын бир бөлүгү. Түркиянын европалык эместигин айтып жаткан лидерлерге үн катуудамын»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Словакиянын тышкы иштер министри жана Европанын ички иштер министри Мирослав Лайчак менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу,жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө «Түркия европалык эместигин» айткан лидерлерге кайрылды.

Чавушоглу: «Жактыр же жактырба, Түркия Европанын бир бөлүгү»,-деди.

Европа Биримдигинин Түркияны көп жылдардан бери алагды кылып келгенин белгилеген Чавушоглу: «Түркия ЕБне мүчө болууга чечим чыгарганда мен төрөлө элек болчумун»,-деп айтты.

Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Белгиянын борбор шаары Брюсселде ЕБнин жооптуу кызматкерлери менен болгон жолугушуусунун абдан «пайдалуу жана жемиштүү» өткөнүн кошумчалады.

Мевлүт Чавушоглу, Словакияга сапарынын алкагында премьер-министр Роберт Фиго тарабынан да кабыл алынды.

Борбор шаар Братиславадагы Премьер-министрлик имаратында өткөн жолугушуу кыскача видеого тартылып алынгандан кийин жабык эшик артында уланды.

Министр Чавушоглу, жолугушуу тууралуу Твиттер эсебинен бөлүшүүсүндө Фиго менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жана аймактык темаларды карагандарын маалымдады.

Чавушоглу, Глобалдык коопсуздук форумунун 12-жыйналышына да катышты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости