www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Путин жыл сайын жаңы жыл алдында бир ирет элге чыкса, жыл сайын апрель айында федералдык жыйынга Кайрылуу жолдойт. Андан тышкары ар кандай жагдай алдында элге кайрылып турат. Путин Орусиянын Башмыйзамына өзгөртүү кийирер алдында орус шовинисттеринин делебесин козгоп, Путинге каршы адамдардын кыжырын ого бетер кайнатып, СССР бөлүнгөндө союзга республикалар эмне менен кирсе ошону менен чыгыш керек эле деп, талылуу темадан кеп козгогон. Орусиянын курамына кирип жатканда кыргыздар боз үйдө жашап, мал багып, чокмор менен согушкандарынын чындыгы бар. Дүйнөдө өнүгүү деген мыйзам бар, Черчилль Грузин Сталин жөнүндө минтип айткан, ал Орусияны соко менен кабыл алып, атом бомбасына жеткирди деп. Ошондуктан, СССРдин курамына киргенде Орусия деле азыркы деңгээлдеги мамлекет эмес эле. Ал дагы  өнүктү.

Орусиянын курамына киргенде Сооронбай уулу Дүр баштаган кыргыздын биринчи капиталисттери өсүп чыга баштады. Столыпиндин агрардык реформасынын аркасында орустар Кыргызстанга күргүштөп келип, кыргыздын жерин каалагандай ээлей баштады. Анткени, бул реформа боюнча Орусиядан көчүп келген орустарга жер менен кошо ири суммадагы насыя берилип, салыктардан бошотулган. Кыргыз калкы эбегейсиз салыктардан улам Ак падыша Никелейге жонунан кайыш тилдирип турганда, орус мужуктары жерди ээлеп, кыргыздардан өз жерин өздөрүнөн коруп, коругуна кирген малды союп жей баштаган. Орусия империясынын зордук-зомбулугу аркасында Кытайга үркүп кеткен кыргыздар Октябрь революциясынан соң өз жерлерине кайтып келе баштайт. Бирок, кыргыздар үчүн Теңир -Тоодо резервация даярдалып жаткан. Резервация өлкөнүн аз сандуу түпкү калкын жайгаштыруу үчүн атайын бөлүнгөн аймак экени белгилүү.Теңир –Тоодогу бул оёздорго титулдук калктын өкүлү болгон кыргыздар гана жашап, алар Ысык- Көл,Чүй, Кемин, Кочкор, Жумгалга жолотулмак эмес. Бул аймактарга орус тилдүүлөр жана башка улуттардын өкүлдөрү гана жашамак. Демек, кыргыздар орустарды жакын жолотуп алып, биротоло тоо-ташка сүрүлүп калмак.

Февраль революциясын ким билет, Октябрь революциясынан соң Ак падышанын бул резервециясы тууралуу сөз болгон жок. Кыргыздар өз жерлерин алышты. Ал эми Орусия лидери Путиндин күйүп–бышканынын негизги багыты Украина тууралуу болуп жатат. Орус бийлиги Крым, Донбассты Украинага берип салышкан. Бизге окшош алыс турган Молдавияны экиге бөлүп орустар ээлеген Бессарабияны бөлүп алышкан, Казакстандын алты облусу орустар менен чектеш, аларда басымдуулук кылган орус тилдүү калкка Орусиянын паспорту таратылган. Орусия азыр күч менен башка мамлекеттердин аймагына кире албайт. Алар Украинага берип койгон аймактарын ала алышпай, ушундай коркутууларга барып жатышат. Кыргызстан Орусия менен ЕврАзЭКте бир, ЖККУ боюнча стратегиялык өнөктөш ошол үчүн Путиндин айткан сөзү Кыргызстанга зыян алып келбейт. Конституцияны оңдоор алдында өзүн колдогон  орустарга “дух” берип коюш үчүн жасалган дарамет болсо керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости