www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин орун басары Азамат Мукашев БУУнун Кыргызстандагы түзүмүнүн өкүлдөрү Самир Бежауи, Аднан Кереши жана Хилке Дэвид менен жолукту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда эл аралык уюмдардын улуттук диалогду жүргүзүү жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу боюнча семинарлар пландаштырылууда. Кыргызстандын шартына карата азык-түлүк тутумунун туруктуулугуна таасир этүүчү негизги аспектилерге баа берүү, диалогдун катышуучуларынын ыкмаларын жана идеяларын, мүмкүн болгон демилгелерин синтездөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Министрдин орун басары Азамат Мукашев алдыдагы дүйнөлүк форумдун өзгөчө маанилүүгүн белгилеп, БУУнун өкүлдөрүнө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Кошумчалай кетчү жагдай, 2021-жылдын сентябрында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму бүткүл дүйнө жүзүндө азык-түлүктү өндүрүү жана керектөө ыкмасын өзгөртүү боюнча жаңы иш-аракеттерди баштоо боюнча саммити өтмөкчү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости