www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент ар кандай жыйын - чогулуштарды түгүл, БУУнун трибунасын, көз карандысыздыктын майрамын, элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алууну ж.б. деле саясый оппоненттерин, өзүнө жакпаган журналисттерди каргап-шилеп, мазактоо үчүн пайдалангандыктан биз ар кандай иш-чараны “бул дагы эмнени айтат?” деп жүрөк заадалана күтүп турчубуз. Ал андай адатын тышкы саясатка да колдонду, дайыма дос болуп келгендерди да бизден алыстатты. Башкасын кечирсек да Түркия, Казакстан менен болгон мамилелерибизди сууткандыгын кечирүүгө болбойт. Ал Россиянын президенти В.Путинге тең ата болгусу келип, тарыхка байланышкандарды дабдырап, а түгүл Алтайга Манастын эстелигин орнотобуз деп, дагы башка өйдө төмөн сөздөрдү айта берип жинине тийип бүткөндө, В. Путиндин: “Что нам делать? Такой, какой он есть” дегени кыргызмын дегендердин баарын уялткан. Ал эми Тажикстандын президентинин АШАны итке теңештиргени да айрым басылмаларга чыккан.

Калп айткан менен болобу, алты жылдын ичинде АША бир ай да жарытылуу иштеген жок. Көбүнчө “Ала-Арчадагы” мамлекеттик резиденциядан чыкпай, ачкылдан атып алып, гитара чертип эле жатты. Ачкылдан көп татып алган учурларда элге “өлүп калат окшойм” деп да док урунду. Алты жылдын ичинде 24 жолу эмгектик өргүүгө чыгып, ачкылдардын айынан андан кем эмес убакыт дарылангандыгы, тексти менен кошо 55 обон чыгаргандыгы эле (ага да убакыт керек, алардын сапатына музыканттар баа беришер) аны айгинелеп турат.

Анын мына ушундай жалкоолугунан, өзүнүн конституциялык милдеттерине саботаж жасагандыгынан улам 2011-2013-жылдары Кыргызстандын экономикасы кризистен чыкпай, артка кетип гана турду. Андан кийинки жылдарда 2,5-3 пайыздан өсүш берди. Эң мыкты жыл - 2016-жыл болуп, 5 пайыздай өсүш менен чыктык. Ошон үчүн АША Сооронбай Жээнбековду “Кыргызстандын жаңы тарыхындагы мыкты премьер-министр” деп атаган. АША бийликте турган убакта Кыргызстандын тышкы карызы 2 эсеге өстү. Сырттан түз инвестицияларды тартуу 2008-2009-жылдардын көлөмүнө да жетпеди. Бир да ири ишкана курулбады. Кредиттердин эсебинен курулгандардын, оңдолгондордун аркаларынан мурда болуп көрбөгөндөй коррупциялык жаңжалдар чыкканы бүгүн бешиктеги баладан, төшөктөгү абышкага чейин маалым.

Инсандык, моралдык бейнеси мына ушундай, алты жылдык ишинин жыйынтыгы жогоруда айтылгандай адамды азыр айрымдардын ага тийиштүү жалпыга маалымдоо каражаттарында мактап, жактап, “Алмазбек Атамбаевдин саясый келечеги алдыда, ал дайыма максатына жетет” деп, ал АШАга тиешелүү “Апрель” теле каналы экс-президенттин дарегине “одаларды” арнап, ага зор келечекти таңуулап, болжолдоп жаткандыгы ачыгын айталы, аны шылдыңдап, мазактагандай гана кабылданууда. Кудай АШАдай апаатка Кыргызстанды экинчи тушуктурбасын! Анын келечеги түрмөдө же белгилүү дарттан жапа чеккен адамдарды мажбурлап дарылоочу ооруканада гана болушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости