www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында медицина кызматкерлеринин ымыркайларды сатуу фактысы боюнча ИИМ кылмыш ишин козгоп, ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүдө. ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, кылмыш иши 124 (“Адам сатуу”), 116 (“Мыйзамсыз аборт жасоо”) жана 350-беренелери (“документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”) боюнча ачылган.
Бүгүнкү күндө жогорку билимдүү 5 медицина кызматкери №1 СИЗОго киргизилген, алардан башка да шектүү адамдар болуп, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. “Врачтарды кармоо учурунда ымыркайлардын денеси табылган эмес. Тергөө учурунда чет эл жарандарынын катыштыгы аныкталган жок”, - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө. Маалыматта, сатып алуучулар Кыргызстандыктар болгон, бирок алар Орусиянын жарандыгын алышкан жана ошол жакта жашап, иштешет.
Тергөөнүн жүрүшүндө ымыркайларды сатуу боюнча 3 факты аныкталган. Кармалган медицина кызматкерлери аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасашкан. Ошондой эле, медицина кызматкерлери мөнөтүнөн эрте жасалма төрөтүү жасашканы боюнча арыз түшүп, төртүнчү кылмыш иши козголду. Ымыркайдын чарчап калганын кабарлашып, аны апасына көрсөтүшкөн эмес жана сөөгүн көмүүгө беришкен эмес. Аталган фактылар боюнча иликтөө учурунда медицина кызматкерлеринин бул кылмышка катыштыгы далилденген.
Булак: NazarNews.kg