www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» ЖАКтын Kaktus.media сайтына карата доо арызы боюнча соттук иш аяктады. Бул тууралуу соттолуучулар билдирет.

Сотто «Вечерний Бишкектин» доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, билдирүүнүн чындыкка дал келбегендиги аныкталды. Сот, ошондой эле, соттолуучу Диля Родионовадан (башка аты Диля Юсупова) 500 000 сом жана "Про Медиа Плюс" коомдук фондунан дагы 500 000 сом өндүрүп алуу чечимин чыгарды. Чечим жогорку инстанцияга датталат.

Эске салсак, сотко кайрылууга «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана анын кызматкерлеринин иштен бошотулушу тууралуу маалымат Kaktus.media сайтында декабрда жарыяланганы себеп болгон. Доонун алгачкы суммасы 50 миллион сом болчу.

Анын 25 миллиону журналист Диля Юсупова менен баш редактор Наталья Тимирбаевадан жана, ошондой эле, "Кактус.медианын" негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылынган. Калган 25 миллион сом сайттын өзүнөн өндүрүп алынмак. «Вечерний Бишкек» гезиттин жабылышы жана анын банкрот болушу тууралуу маалымат калп деген. 

 

 

Последние новости