www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Вега” компаниясы арыздарды караган комиссиянын чечимине макул эмес экенин, мыйзам чегинде чечимге каршы даттанаарын “Азаттыкка” маалымдады.

“Вега” компаниясынын башкы директорунун орун басары Сергей Калмыковдун атынан таратылган кайрылууда "“Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы берген арызда негизсиз маалыматтар камтылган жана чечим “Вега” компаниясынын өкүлдөрүн чакырбай туруп, бир жактуу чыгарылганы туура эмес болгон” деп жазылат.

5-октябрда Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия “Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” компаниясына карата даттанууну негиздүү деп тапкан.

4-сентябрда “Коопсуз шаар” боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни утуп чыккан. Компания долбоорду 1 млрд. 195 млн. сомго ишке ашырууга макул болгон.

Бирок “Веганын” “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алганы жөнүндө далил документтери жок экенин даттануулар комиссиясына тендерге катышкан башка компаниялардын бири - “Маалыматтык системалардын коопсуздугу” ишканасы билдирген. Ал "Вега" жол эрежелери бузулган учурларды видеого жаздырып алуу тажрыйбасына ээ эмес экенин айтып чыккан.

Кыргыз өкмөтү “Коопсуз шаар” быйыл жылдын аягына чейин ишке кирерин билдирген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости