www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмдун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

ЕККУ ПАнын аталган жыйынынын алкагында “Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференция өттү.

Аталган парламенттик конференциянын жүрүшүндө парламентчилер “Ишенимди жана регионалдык кызматташууну бекемдөө жолу аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү”, “Жер ортолук деңиз форуму - Борбор Азия жана Жер ортолук деңиз геосаясаты: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” жана «Коопсуз коомчулукту түзүүгө жарандардын катышуусун бекемдөө» темаларындагы маселелерди даталдуу талкууга алышты.

Ошону менен катар ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетин отуруму болуп, анда парламентчилер учурдагы эл аралык саясый маселелерди карашты. Атайын комитеттер менен атайын өкүлдөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар угулду. ЕККУ ПАнын алдыда, 2018-2019-жылдарда өтүүчү жыйындарынын даталары менен жерлери аныкталды.

Жыйынтыгында ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын катышуучулары иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурлгандыгын белгилеп, жылуу кабыл алган Кыргыз Республикасынын жетекчилерине ыраазычылыктарын айтышты. Соңунда ЕККУ ПАдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегация башчысы, депутат Иса Өмүркулов, ЕККУ ПА төрагасы Георгий Церетели жана ЕККУ ПА Башкы катчысы Роберто Монтелла жыйынтыктоочу маалымат-жыйын өткөрүштү.

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү отуруму Бишкекте Европа, Азия жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнөн келген 150дөн ашуун парламентчилердин катышуусунда өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости