www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова “Манастан Чубак кем бекен?” дедиби, айтор кийинки убактарда өзгөчө билдирүүлөр, өзгөчө сунуштар менен дүң болгон чиновниктердин катарын татыктуу толуктап отурат. Ал кечөө күнү Кытайлыктардын таламын талаша коюп, бүгүн элдин таламында калды. Эл өкүлү Кытайлык туристер үчүн виза режимин алып салуу же жеңилдетүү керек деген оюнун негизги максаты-Кытайлыктар чет өлкөлөргө саякаттоого корото турчу миллиард деген долларларынын көлөкөсү Кыргыз бюджетине тийип, өлкөнүн багы ачылып кетеби деген үмүттө сунуштаган имиш. 

Эң эле кызыгы кесиптешинин мындай чабал сунушун жарым жартылай колдой турган эл өкүлдөрү дагы жок эмес экен.

Депутаттын сунушу тез арада социалдык тармактарда желдей тарап, эл өкүлүн сынга алып, аны “саткын депутат” катары сыпаттаган интернет колдонуучуларынын армиясы жаралды. Алардын бири Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, профессор Каныбек Осмоналиев Фейсбук баракчасына: “Кытайга эшигибизди ачкан эле күнү кыргыздын бактысы жабылат, аларга тескерисинче тартипти күчөтүү керек”-деп агынан жарылды. Анын баамында бул жерде эч кандай өлкө кызыкчылыгы эмес, депутат айым, кытайлыктардын таламын талашып, өзүнүн ишкерлик кызыкчылыгын ойлоп жатат деген ойдо. Ал эми ар кандай статистикалык маалыматтар жөн гана шылтоо экендигин айтып, кытайлыктардан өткөн сарамжал калк жок - бул дүйнөдө дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости