www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өзүбүздүн дыйкандарды ар тараптан колдоп, элибизди сапаттуу азык-түлүк менен камсыздашыбыз керек”, - деди бүгүн, 9-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Венера Акматова.

- Элибиз дыйканчылык үчүн алган кредитин туура пайдалана алабы? Өкмөт кредитти эмне кылды деп көзөмөлгө алышы керекпи?  

- Фермерлерге берилген кредиттер айыл-чарбасынын өнүгүшүнө түздөн түз таасирин тийгизет. Бирок, жөн гана кредит берүү менен чектелип калууга болбойт. Дыйкандардын ишмердигин фито-санитариялык лабораториялар, логистикалык коштоо, пландоо аркылуу мамлекет илимий негизде колдоп турбаса, дыйканга берилген эӊ аз пайыздагы кредит да өзүн актабайт. Же дыйкан, же мамлекет пайда көрбөй акча кумга сиӊген суудай болуп кете берет.

Жаӊы айдоо жерлерди өздөштүрүү, кыртыштын абалын изилдөө, ага ылайыктап жер семирткич берүү сыяктуу иштерди илимий негизде алып баруу зарыл.

Мамлекеттик илимий гранттар аркылуу кыртышты, өсүмдүктү изилдеген окумуштууларды, мекемелерди колдоп, алардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын иш жүзүндө айыл чарбасында колдонууну ишке ашырбасак болбойт. Биздин дыйкандар көп жылдардан бери көзүн таӊып алып чуркаган кишидей эле өз алдынча колунан келгенин, билгенин жасап келе жатышат.

Жер үлүштөрү менчик болгону менен анын акыбалы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып турбаса болбойт. Түшүмдүү кыртыш бир нече жылдан кийин чаӊ сапырылган боз топуракка айланып калбайт деп ким кепилдик берет!?

Анын үстүнө мамлекет тарабынан берилген жеӊилдетилген насыялардын эффективдүү пайдаланылышын көзөмөлгө алган туура болот. Дүйнөдөгү финансылык уюмдардын бардыгы эле берген акчасынын максаттуу жумшалышын карап турат.

Анан калса насыя алып тойго жумшап жиберүү жигердүү практикаланган бизге окшогон элди “алган насыяны кайда жумшадың?” деп улам сурап туруу ашыкча болбойт.

Дүйнөдөгү саясий-экономикалык акыбал туруксуз болуп турган учурда өзүбүздүн дыйкандарды ар тараптан колдоп, элибизди сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоонун мааниси бүгүнкү күндө андан чоӊ!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости