www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекет БУУнун мүчөсү, эгемендигине, ээлеген аймагынын бүтүндүгүнө коркунуч жаралган учурда ага кайрылып, жардам сурай алат. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Венера Акматова билдирди.

- Венера-эже, президенттин БУУнун жыйынына катышкан расмий иш сапары жыйынтыкталды. Дүйнө жүзү карап турган жыйында орчундуу маселлерди айта алдыбы?

- Тажикстандын биздин өлкөгө жасаган согуш аракеттерин «агрессия» деп БУУнун бийик трибунасынан ачык айтуу Президент С.Жапаровдун туура кадамы болду. Кыргыз-тажик мамилелеринин тарыхына кыскача кайрылып, кыргыз эли дайыма дипломатияны, мамлекеттер арасындагы өз ара урматташууну, чек ара боюнча келишимдерди так аткара турганын баса белгиледи.

Дүйнөдө геосаясий мамилелер абдан курчуп, дүйнөлүк үчүнчү согуштун тутанып кетүү коркунучу ачык болуп калган учурда маселени кабыргасынан коюу абдан зарыл болчу. Күч колдонуп, башка өлкөнү зордоп басып алуу максатында согуш ачуу цивилизациялуу азыркы доордо мүмкүн эместей, адамзаттын акылсыз согуш аракеттери кечээки тарых сыяктуу сезилер эле, тилекке каршы азыр бардык коркунучтарга чакырыктар бар экени айгине болуп отурат.

Биздин мамлекет БУУнун мүчөсү, эгемендигине, ээлеген аймагынын бүтүндүгүнө коркунуч жаралган учурда ага кайрылып, жардам сурай алат. Согуш, баскынчылык сыяктуу өтө оор маселелерде эл аралык коомчулукка кайрылбасак, аларга таянбасак болбойт.

Кыргыз коомчулугу кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан 36 жараныбыз каза болуп, ошол жердеги тургундарыбыз  катуу жабыркаган учурда эл аралык коомчулукка кайрылып, ал тургай эл аралык Гаага сотуна берүү демилгеси менен чыгышып, кыргыз бийлигинен талап кылышкан.

Азыр 59 жараныбыз набыт болду, 120 миӊден ашык жай тургундар качкын болуп отурган учурда тажик бийлигинин агрессиялык иши үчүн ачык айыптап чыкпаса болмок эмес. Жумурай журт да Жапаровдон ошону күтүп турду. Бул сапар Президент элдин эркин аткарып, ниетин билдирди. Президенттин БУУдагы сөзү  оор трагедиядан кийинки алгачкы гана кадам. Андан ары эл аралык сотко берүү, чек араны чыӊдоо, качкындарды жайгаштыруу, ураган-кыйраган, өрттөлгөн айылдарды калыбына келтирүү,  кыргыз мамлекетинин аскер күчтөрүн чыӊдоо, техникалык-материалдык жактан жабдуу сыяктуу кечиктирилгис милдеттерди ишке ашыруу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости