www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк шаарында БУУнун Жалпы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Жапониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаясинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, тажик тарабы бул жолу кыргыз жергесин ШКУнун саммити ѳтүп жаткан учурда соккуга алганын ѳкүнүч менен билдирди.

"Натыйжада Кыргызстандын 140 миңге жакын жараны жашаган жеринен качууга мажбур болду. Кыргыз тарабы оор адам жоготууларына дуушарланды. Социалдык инфратүзүм объектилери, анын ичинде былтыркы апрелдеги коогалаңдан кийин кайра тургузулгандары да кыйроого учурады. Кыйроолор кесепетинен Кыргызстан ѳлкѳ бюджетинен ири каражаттарды бѳлүүгѳ аргасыз болуп жатат", - деди ал.

Министр Тажикстандын кол салуусунан улам кыргыз тарап жооп кайтарууга мажбур болгонун, бирок Кыргызстандын бул аракеттери коргонуу иретинде гана жасалганын айтты. Министр, ошондой эле, Кыргызстан Тажикстан менен болгон маселелерди саясий-дипломатиялык ыкмалар менен тынчтык сүйлѳшүүлѳр аркылуу гана чечүүнү дайым жактаарын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-жапон мамилелеринин учурдагы абалын талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө отуз жылдын ичинде жетишилген ийгиликтерди канааттануу менен белгилешти.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Жапония өкмөтү жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) аркылуу Кыргызстанда социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүп келе жатканын өзгөчө белгиледи.

Мындан ары инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, Кыргызстандын аймактарынын өнүгүшүнө салым кошкон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун мамлекеттик деңгээлге кеңейтүүгө, ошондой эле, JDS долбоорунун алкагында билим берүү жана өлкөнүн кадрдык ресурстары тармагында өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экендиги да баса белгиленди.

КР ТИМ башчысы эки тарапты кызыктырган маселелердин бардык комплекси боюнча, атап айтканда, экономика, соода, инвестиция жана өнөр жай тармагында эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча мындан ары тыгыз иш алып бараарына ишеним билдирди.

Алар көп тараптуу форматтарда, атап айтканда, «Борбор Азия + Япония» диалогунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана маанисин баса белгилешти.

Тараптар Кыргызстан менен Жапония үчүн юбилейлик жылда жогорку деңгээлдеги сапарларды, ошондой эле, экономикалык, илимий жана маданий-гуманитардык иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар кыргыз-жапон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелери боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы каалоолорун ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости