www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украиналык аскерлер Запорожье облусунун калган бөлүгүн таштап чыгып кетиши керек. Болбосо референдумдан кийин алар оккупанттар деп эсептелет. Бул туурасында Орусия орноткон аймактык администрациянын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов РИА Новостиге айтып берген.

Бүгүнкү күндө россиялык аскерлер Запорожье облусунун аймагынын 73 пайызын көзөмөлгө алып турат. Калган 27 пайызы аймактын борборун кошкондо - Киев режиминин карамагында.

"Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусунун калган аймагын таштап чыгып кетиши керек. Болбосо референдум өтүп, аймак Украинадан чыгып, Россия Федерациясынын курамына киргенден кийин аскерлер оккупант, ал эми алардын кадамы Россияга карата жасалган агрессия катары саналат", — деп айткан Рогов.

ДЭР жана ЛЭРдин коомдук палаталары 19-сентябрда республикалардын жетекчилери Денис Пушилин менен Леонид Пасечникке Россиянын курамына кирүү боюнча демилге көтөрүп, тез арада референдум өткөрүү сунушу менен кайрылган. Эртеси күнү эки республиканын бийлиги референдум 23-27-сентябрь ичинде өтөрүн билдиришкен. Аны менен катар эле 20-сентябрда жалпы элдик добуш берүү болорун Херсон жана Запорожье облустарынын администрациялары да кабарлашкан.

Аталган аймактын өкүлдөрү Россиянын курамына кирүү алардын коопсуздугун камсыздап, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирерин белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости