www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирөөлөргө таңуулабай, үгүттөбөй, оронуп-чүмкөнбөй эле ички жан дүйнөңдө Кудайга ишене берген туура. Мындай пикирин професор Венера Акматова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-- Кыргызстанда жоолук салынган ырчылар, жапжаш кыздар көбөйдү. Ар бир үйдө хиджаб кийген кадыресе көрүнүшкө айлана баштады. Акыркы мезгилде эмне үчүн эл арасында кыргызга жат көрүнүш күч алды?

-- Акыркы жылдары улуттук наркка, салтка атайын эле максаттуу диверсия жасалып жаткандай таасир калтырууда. Массалык маалымат каражаттарында, интернеттин туш тарабында, социалдык тармактарда динге чакырып «даават» айткандар абдан көбөйдү. Айрыкча кыз-келиндерди оронтууга кызыккандар тынымсыз үгүт иштерин жүргүзүп атышат. Кыздарга жоолук салуу жакшы болоорун жөн эле насаат катары айтып эле чектелишпестен, чоң кампания бир топ жылдан бери оожалып кетти.

 «Оронсоң агаң, атаң бейишке чыгат, оронбосоң өзүң эле эмес жакындарыңын бардыгын тозокко айдап барасың» деп кайта-кайта какшап айтып аткан интернет контент үрөйдү учурат. Үстөккө-босток болуп, эл алдына чыгып жүргөн ырчы-чоорчу аялдардын чүмкөнүп алышы, өздөрү эле оронуп тим болушпастан башкалады үгүттөп атканы улут үчүн жакшылыкка алып барбайт. Алардын тизгинин тарткан, улуттук наркка чакырган кайсы бир мамлекеттик мекеме же, адам болушу керек! Бул тенденцияны жөн жай агымга салып жиберүүнүн кесепети чоң.

Мен жаштар менен иштейм, акыркы учурларда оронгондор көбөйгөндөн көбөйүп эле баратат. Акырын сурамжыласам, дегеле бирөө аң сезимдүүлүк менен оронбоптур, бардыгында үй бүлөсүнүн таасири болгонун айтышат. «Баары эле салынып атканынан мен да салындым» дегенди көп уктум. Динге да аң сезимдүүлүк менен, ички туюму, ички чечимдери менен келип кирсе, бул башка иш. Баса белгилеп айтып кетейин: кыргыздын улуттук кийимдери деле эркектердин да, аялдардын да денесинин бардык жерин жабат. Кыргыздын кыз-келиндери, апалар деле жоолук салынып келген, жоолукту салынуунун кыргызча стили бар. Ошондой кылып эле салына беришсин, сөзсүз эле арабдарга окшоштуруп салынуунун эч бир кажети жок. Кудай деле кийимге караганда адамдын жасаган иштерине, ниетине карап баалайт. Мыкты этнограф Н.Момунбаева улуттук кийимдердин түрлөрүн, аларды кайсы учурда, кандай кылып кие турганын кенен түшүндүргөн видео жасаган. Аны дагы бир кесиптешим оронгон студенттерге атайын алып келип көрсөткөн эле. Жыйынтыгы бизди таңкалтырды: көпчүлүгү ушундай укмуш улуттук кийимдердин бар экенин жакшы билишкен эмес. Мисалы, кеп такыяны селки же бийкеч курагындагы кыздар кийип алса, абдан жарашыктуу, ыңгайлуу.  Мына ушул сыяктуу улуттук нарк-насилди сактоо, модернизациялоо, жайылтуу боюнча иш-аракеттерди көбүрөөк жасаш керек. Дагы өтө катуу баса белгилеп кете турган жагдай: менин ушул пикирим сыяктуу ойлор оозуңан чыгары менен «динчилдер» өтө агрессивдүүлүк менен каргыш-илкиш сөздөрүн жаадырып талап киришет. Алардын бул чабуулунан жатыркаган көп эле адамдар унчукпай кутулат. «Динчилдердин» агрессиясынан коркуп, төө куш болуп башыбызды катып жата берсек, эртеңки күн кандай болот..!?

-- Дагы бир таңгалыштуу жагдай арабдардын атын жаңы туулган ымыркайларга коюу да адатка айлана баштады. Минтип отурсак, кыргыз деген улутту жоготуп албайбызбы?

-- Биздин коомдогу дагы бир тенденция: араб ысымдарын жаңы туулган балдарга ыйгаруу абдан күчөдү. Кыз-келиндердин чүмкөнүп алышы, бала-чакага араб ысымдарын ыйгаруу сыяктуу көрүнүштөрдүн күчөшүн масштабдуу караш керек. Бул маселе эмнеден улам күчөдү, себептери кандай!? Кесепеттери барбы-жокпу!? Дүйнөдөгү бардык элдер өзүнүн улуттук кийими, улуттук ысымы, наркы-салты менен кызыктуу, маанилүү! Дегеле өзүнүн улуттук руху күчтүү улуттар башка элди жөн салды туурай бербейт. Алса, жакшы жактарын алат, аны да өзүнүн өнүгүүсү үчүн пайдаланат. Ушунтип айтсаң, эле Кудай жолунан чыгып кеткендей кабылдашат. Таптакыр андай эмес, тескерисинче улуттук жүзүңдү сактап, ички жан дүйнөңдө, бирөөлөргө таңуулабай, үгүттөбөй, оронуп-чүмкөнбөй эле Кудайга ишене берген эң туура. Ушул кезге чейин эле кыргыздар ислам динин тутунуп келишкен. Ашыкча кетишкен эмес. Ислам дининин талаптары менен улуттук наркты айкалыштырган кыргыздын өзүнүн салты болгон. Азыр бир тараптуу, арабдарды туураган динди таңуулап атышат. Ислам деле ичинен бутактанып кетет, атрибуттары ар кандай. Бүгүнкү күнү Кыргызстандан классикалык исламды эмес, анын бурмаланган агымдарынын жосунун жайылтуу орун алууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости