www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Сауд Арабиянын өз ара алакасы жигердүү өнүгүп, жаңы тармактар боюнча кызматташуулар болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов өзүнүн Facebook баракчасына билдирди.

"Кыргызстан тараптын чакыруусу менен Сауд Арабиянын Башкы штабынын башчысы Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайлинин жетекчилиги алдында Бишкекке аскердик делегация келди. Сауд Арабиянын аскердик жетекчилигинин биздин өлкөгө келиши кыргыз-сауд алакаларынын тарыхында алгач ирет болууда.

Бүгүн Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен жолугушту. Тараптар аскердик тармактагы эки тараптуу кызматташуу жана коргоо мекемелерининин өз ара кызматташуусунун келечегин талкуулашты.

Ошондой эле сапардын алкагында Фаяяд бин Хамид Аль-Рувайли Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, министрлик жана мекемелердин жетекчилери менен жолугушуп, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институтуна, Бишкектик гарнизондун аскердик бейтапканасына барат.

Белгилей кетсем, буга чейин Кыргызстандын коргоо министри Сауд Арабияга сапар менен барган. Анын жүрүшүндө Сауд Арабиянын делегациясы чакыруу алган. Бул сапар Кыргызстан менен Сауд Арабиянын аскердик тармактагы байланышын бекемдөө үчүн жаңы дем берет деп ишенем", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости