www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Абдымамбет Сариев президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиевге, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кайрылуу жасады. 

Анын айтымында, жалпы Кыргызстандагы мечиттерди, диний окуу жайларды, намазканаларды, таалимканаларды, активдүү динчилдерди, диний багыттагы фонддорду, уюмдарды, аларды каржылаган чет элдик булактарды тыкыр текшерип каттоого алып, катуу көзөмөлгө албаса эртен кеч болот.

"Майлуу-Сууда Жаңы жылдык балатыны өртөө жалгыз аялдын фанатиктик деңгээлде жасаган кыянаттык иши эмес, бул - радикал исламчылардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган майрамдык балатыны жок кылуу аркылуу өлкө бийлигине карата жасаган коллективдүү маанайдагы ачык акциясы!

Аткаруучунун ролун ойногон жалгыз аял бул - бактын жалбырагындай арзыбаган нерсе. Жалбырак учуп, жерге жайгашкандан башка колунан эч нерсе келбегендей эле, жалгыз аял дагы эч нерсени чече албайт. Ал болгону аткаруучу гана...

Ал аял башка бир адамдын мүлкүнө эмес, жалпы элдин кубанычы үчүн мыйзамда белгиленген, бюджеттен каржыланган жаңы жылдык балатыны өрттөө аркылуу мыйзамга да, салтка да, өлкө бийлигине баш бербеген динчилдердин биротоло чектен чыгып бараткандыгын ачык-айкын далилдеди.

Ал аялдын аркасында көрүнбөй туруп, тапшырма берген жана кармалып кала турган болсо айта турган сөз үйрөткөн, жолун таап жоопкерчиликтен бошотуп алууга каражаттарга ээ, салттуу ислам Ханафий мазхабдан четтеп, кыргыздын салтына, Конституцияда белгиленген майрамдарга карата каршы болуп, КР Конституциясынын 1., 9-беренелерин тоотпогон, диний маанайда элдин тынчтыгын бузуп, бөлүп-жарып, араздашууну күчөтүп, КР КЖКнын 330-беренесине каршы иш кылган жана мамлекеттик түзүлүшкө доо кетиргенге далас урган радикал исламчылар бар.

Ошондуктан ал аялды-"жалбыракты" жоопкерчиликтен бошотуп, Майлуу-Суу шаарындагы мечиттердин имамдарын, намазканалардын, таалимканалардын ээлерин-молдолорун жана ошол шаардагы активдүү динчилерди кармап суракка алып, Майлуу-Суу шаарынын ички иштер бөлүмүндө аларды каттоого алып, катуу көзөмөлгө албаса, милициянын аймактык инспекторлоруна катуу тапшырма бербесе мындай окуялар Кыргызстанда кайталанып отуруп, динчилдер биротоло чектен чыгып, өлкөбүздө кош бийлик орноп, акырындап теократиялык мамлекетке айлануу коркунучу пайда болууда.

Элдин ырыс-ынтымагы, тынчтыгы, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүүсү, кош бийлик болбой, элдин камын көргөн бир бийлик болуусу үчүн жалгыз эле Майлуу-Суу шаарындагы эмес, жалпы Кыргызстандагы мечиттерди, диний окуу жайларды, намазканаларды, таалимканаларды, активдүү динчилдерди, диний багыттагы фонддорду, уюмдарды, аларды каржылаган чет элдик булактарды тыкыр текшерип каттоого алып, катуу көзөмөлгө албаса эртен кеч болорун, Кыргызстанда радикалдашкан диний кырдаал оор экендиги Майлуу-Суудагы болуп өткөн окуядан улам даана байкалды", - деп жазылган Кайрылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости