www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэла баңги зат ташыган АКШ учагын атып, түшүрдү

 

Венесуэланын ички иштер министри Нестор Реверол АКШга тиешелүү баңги зат ташыган самолеттун өлкө коопсуздук күчтөрү тарабынан атылып, жерге түшүрүлгөнүн айтты. Бул тууралуу milliyet.com.tr жазган.

Венесуэла АКШга таандык бир учакты түшүргөнүн жарыялады. Бул боюнча маалымат берген Венесуэла ички иштер министри  Нестор Реверол, учактын баңги зат алып бараткандыгы үчүн түшүрүлгөнүн билдирди. Муну менен катар баңги зат ташыган самолеттун Колумбиядан Венесуэланын Сулия штатына кирип бараткан мезгилде атылып, түшүрүлгөнүн айтты. Ошондой эле учактын баңги зат алып баратканын Колумбиядан мыйзамсыз түрдө Венесуэланын аба мейкиндигине киргенинде радардын жардамы аркылуу байкалгандыгын кошумчалады.

Самолет Machiques de Perija шаарына жакын аймактагы бир жерге түшүрүлдү. Министрдин окуя тууралуу айткандарына ылайык, учак колдонууга жараксыз абалга келди.

Белгилей кетсек, Венесуэла географиялык жактан Колумбияга жакын жайгашкандыктан мыйзамсыз баңги зат жүгүртүү менен күрөшүүдө аймакты катуу көзөмөлдөп турат.

 

Venezuela uyuşturucu taşıyan ABD uçağını vurdu

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости