www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вьетнамдагы суу ташкынынан 36 адам көз жумду

Вьетнамда кара нөшөрдөн суу ташып, анын кесепетинен 36 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Өлкөнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Куанг Нам, Тхуа Тхен Хуэ, Куанг Нгай жана Куанг Три провинцияларындагы дарыялар бир канча күн тынбай жааган кара нөшөрдөн улам ташкындап, кырсыктан 36 адам каза таап, 12 адам дайынсыз жоголгон. Суу ташкын 135 миң 700 үйдү каптап, анын 600гө жакыны кыйрап, 6 миң гектарга жакын айдоо аянтын сел жууп кеткен.

Белгилей кетсек, Вьетнам Коргоо министрлиги суу ташкынынан жабыркаган аймактарга 9600 аскер жана коопсуздук күчтөрү жөнөтүлгөнүн, 6 шаардын 50 миңге жакын тургуну коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости