www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрага Канат Исаев президент Сооронбай Жээнбековду кызматтан кетпөөгө чакырды. Бул тууралуу ал 24.kg порталына билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү кырдаал өтө кооптуу. Алтынчы чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктайт. Садыр Жапаров баштаган өкмөт жаңы гана өз милдеттерин аткара баштады. Эми БШК Жогорку Кеңешке жаңы шайлоону жарыялайт - аларды туруксуздук шартында өткөрүү чоң кесепеттерге алып келет.

Бүгүнкү күндө президент мыйзамдуу бийликтин бирден-бир булагы бойдон калууда. Ал азыр кызматтан кетпеши керек. Бул туура эмес жана жаңы толкундоолорду жаратышы мүмкүн. Ал кошумчалагандай, адам жеке кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коё албайт, - дейт Канат Исаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости