www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөрдүн жетекчилиги алмашылды. Май айында аны Эсеп палатасы текшерген, эми ошол эле Эсеп палатасы менен УКМК жана Ички иштер министрлигинин катышуусу менен Баш прокуратура текшерет. Жаңы жетекчилик дүйшөмбүгө чейин иш планын даярдап келиш керек, эски жетекчилик болсо эки аптанын ичинде корутунду отчётун берүүгө тийиш.
Акы-чүкүсүн аңтарбаса деле, эки-үч жыйынтык чыгарса болот. Кайсы бир ишкананы башкарууга жаңы жетекчилик дайындалганда, алар анын ишин оңдогондун ордуна – жумуштан алынганга чейин көбүрөөк байлык чогултуп алсак дейт экен. Экинчи – Кумтөрдүн ишинде толук ачыктык жок. Мисалга, кенде «Кумтор голд компаниден» тышкары дагы эки ишкана бар – «Кумтор оперейтинг компани» жана «Кумтор майнинг компани», бирок алар тууралуу дээрлик эч нерсе белгисиз.
Жана үчүнчү нерсе – коррупция менен байланыштуу Баш прокуратура пандемияга корогон каражаттарды дагы, жакында кызматынан алынган саламаттык сактоо министринин ишин дагы текшерди эле – жарытаарлык жыйынтык чыккан жок.