www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын аскерий агрессиясы менен байланыштуу Кыргызстандын жетекчилиги ар башка пикир билдирип жатат деп айтыла башталды. Бири – мамлекеттик аскерлер кол салган десе, экинчиси – алар белгисиз сакалчандар болгон деп жатат деп айтылууда. Кыргыз коому үчүн мындай талаш-тартыштын эч кандай пайдасы жок.
Айтылган эки пикир дагы бир-бирине карама-каршы келбейт. Былтыркы апрелдегидей эле, Кыргызстанга мамлекеттик тажик аскерлери кол салган, бирок алардын арасында белгисиз сакалчандар да болгон. Эң негизгиси – тажик тараптан аскерий агрессия болгондугу тууралуу Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын бийик трибунасынан айтылды.
Бирок ошол эле трибунадан Тажикстандын тышкы иштер министри 24-сентябрда – 1991-жылы Алматыда кабыл алынган декларациянын – чек ара маселелерине көп деле тийешеси жок деп сүйлөдү. Бирок ал декларацияда – кол койгон тараптар бир-биринин мамлекеттик бүтүндүгүн жана азыркы чек араларын тааныйт деп жазылган. Бир-бирибиздин каталарыбызды издеп-чукубай, кыргыз эксперттери жана дипломаттары ушул маселенин үстүндө иштеш керек.