www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин орус маалымат каражаттары Оренбург облусунда эне баласын "бала баккандан чарчап кеттим" деп тилдеп, аёосуз сабаганын жазып чыгышкан. Кийинчерээк ал эне 21 жашта экендиги, баласы болгону 8 айлык экендиги айтылган.

Жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдары 21 жаштагы келинди кармаганын, ал күнөөсүн моюнуна алганын жазышууда. Бирок ал эмне үчүн мындай жорукка барганынын себебин түшүндүрүп бере алган эмес. Тергөөчүлөр сотко тергөө бүткөнгө чейин аны камакка алууну сунуштап жатышат. Учурда бул боюнча териштирүү иштери уланууда.

"Алдыда бир нече экспертизалар жүргүзүлөт, анын ичинде аялдын психологиялык-психиатриялык абалы да текшерилет" ,-деп жазылат маалыматта.

Россиянын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецова видеону аягына чейин көрүү ага оор болгонун айткан. Бул окуяны аталган мекеме да өз көзөмөлүнө алган.

"Ымыркайды сабап, андан кийин диванга ыргытып жиберди. Кийинкиде бала кайсы жакка ыргытуусун элестетүү кыйын болду. Учурда бала ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Аялдын ата-энеси жок, ал баланы балдар үйүнө берем деп жүргөн, бирок эмне үчүн мыйзамдуу жол менен барган жок белгисиз. Балдардын укугун коргоо боюнча аймактык мекемелер эмне үчүн өз учурунда бул абалды териштирбегени да иликтенип жатат", - деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости