www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинанын өкмөтүнө келери тууралуу маалыматтарды ырастады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Саакашвили өкмөт башчы Денис Шмыгаль менен да сүйлөшүп, ал өзгөрүүүлөр тууралуу сунуштарын парламентке тааныштырууну көздөп жатканын айткан.

"Өлкө башчысы Зеленскийден реформа маселелери боюнча Украина өкмөтүнө вице-премьер болуу тууралуу сунуш алуу - чоң сыймык", - деп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Эске сала кетсек, Саакашвили буга чейин Одесса облусунун губернатору болгон. Губернаторлуктан кеткенден кийин бийликке оппозицияда жүргөн. 2017-жылы мурунку президент Петр Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң ал кайтып келип, кайра жарандык алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости