www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-августта Баткен облусунун Лейлек районунун тургундары Исфана-Ош жолун тосуп алышты. Бул тууралуу видео Facebook колдонуучулары тарабынан киргизилген.
Видеодон бир топ эл жол ортосуна отуруп, жолдон эч кимди өткөрбөй жатканын көрүүгө болот. Ошондой, эле видеонун автору Коргон айылында болгонунун жана бул Өзгөрүш алтын кени боюнча экенин айткан. Анын айтымында 30 баланы камап койгон, бирок ким тарабынан экени айтылган эмес.
"Түшүнгөн адамга Лейлектин Өзгөрүш айылындагы алтын кен боюнча чоң чатак чыкчудай болуп жатат, жогору жактан алтын кен иштеш керек кандай болгон күндө да деген буйрук түшкөн экен, балдар майып болобу же Козу-Баглан суусу уу болобу, малдар кырылып өлөбү, аларга айырмасы жок, аларга казына толуш керек, доля түшүш керек. Жергиликтүү жетекчилер бар күчүн жумшап алтын кенди иштетүүгө аракет кылып жатат, жогору жактын буйругун Лейлек акими менен начальник РОВД жогорку деңгээлде аткарууга киришти, алтын кен ачылбаш керек, элге зыяны тийбеш керек деген бир гана Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев болуп жатат, Сапарали Борубаев буга чейин да камалып чыккан чек ара үчүн, баш көтөргөн, патриот, активист балдарды Лейлек РОВД га алып келип басым көрсөтүп, суракка алып жатышат, минте бере турган болсо, элибиз чогулуп көзүн май баскан бийликтин желдеттерин ордуна коюп коёт го? Эсиңерге келгиле Лейлек жетекчилери...", - дейт, атын атагысы келбеген окурман...
Булак: NazarNews.kg