www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев даарыланып жаткан палатасынан кыргыз элине чукул кайрылуу жасады.
Ооруканада жатсам да жөн жаткырбай, артымдан ээрчиген ушактар көбөйдү. Алар кимдир бирөөнүн «заказдарын» аткарып жатабы так айталбайм. Мен жөнүндө жалган маалымат чыгарып жатышат.
Мени жөн эле акча алган деп айтып жатышат. Мына көрүп жатабыз го кимдер пара менен кармалганын. Жакында эле Мелис Аспеков деген активист пара алган деген негизде кармалды. Дагы белгилеп айта кетсек, Жумалиев жакынкы убакытта кармалат.
Мени жамандаганыңарды токтоткула. Адамды күйгүзбөй», - деген ал.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда «Кубанычбек Жумалиевден 160 миӊ доллар пара алган кызматкер, Сыймык Жапыкеевдин кишиси болуп чыкты» деген маалымат чыккан.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg