www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондо Падышалык коледждин хирургдарына аял өзүн операция кылганга жардам берди. Анын мээсиндеги шишигин кесип жатканда дарыгерлер мээнин кайсы жактарында аракеттер жасалып жатканын аныкташы үчүн ал скрипкада ойноп берген. Бул тууралуу  Euronews басылмасы билдирди.

Шишик мээнин сол колунун иштешине жооп бере турган кооптуу жерге жакын жерде жайгашкан. Скрипач ал манжалары менен грифти басып ойнойт. Ар кандай четтен чыгып кетүү оюндун ыкмасына таасир этиши мүмкүн.

53 жаштагы Дагмар Тернер Англиянын Түштүк-Чыгышындагы Уайт аралында симфониялык оркестрде ойнойт.  

Нурлануу терапиясы жардам берген жок, операция кылууга мажбур болду. Ал операцияда сергек болуш керек. Мындайды шишик мээнин көзгө, кыймылга жана маанилүү функцияларга жооп берүүчү зонасында болгондо кылышат. Дарыгерлер Дагмар Тернер үчүн эң жакшы вариант скрипкада ойноо деп чечишкен.

Аялды жасалма уйкуга түшүрүштү жана анын мээсине операцияны башташты. Операциянын ортосунда ооруну басаңдатуучу күчтүү даарыны сайып, аялды ойготушуп, скрипкада ойноп берүүнү суранышкан.

Операция ийгиликтүү аяктаган. Дагмар Тернер азыр үйүндө скрипкада ойноп жатат. Анын оркестрга кайра кайтам деген чоң үмүтү бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости