www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО- Лукашенко Путинге

Белорусь лидери жыл сайын Москванын алдында “тизе бүгүп тургандан” баш тартты.

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Москва канчалык пайдалуу сунуш кылса да Россиядан нефть сатып алууну каалабай тургандыгын так жана эмоционалдуу түрдө айтты.

Лукашенко бул тууралуу Светлогорск целлюлоздук-картондук комбинаттын коллективи менен  болгон жолугушууда Путин менен жакынкы арадагы сүйлөшүүсү жөнүндө айткан.

Россиянын президенти белорустарга нефть арзан берилип жаткан болсо, эмне үчүн башка жеткирүүчүлөрдөн (поставщиктерден) нефтини сатып алышы керек деп суроо салган.

 Анда Лукашенко: “Жыл сайын тизе бүгүп турбаш үчүн”,-деп жооп берген.
2020-жылы Россия Белоруссияга нефть жеткирип берүүнү токтоткон, анткени бул жыл үчүн келишим түзүлгөн эмес. Аталган окуя менен бирге эле Александр Лукашенко башка нефтини жеткирип берүүчүлөрдү издей тургандыгын маалымдаган. Себеби Россиянын Белоруссия үчүн койгон баасына канааттанбагандыгын маалымдады. Анын айтымында ал тургай Германия Россиядан Белоруссияга караганда арзан баада нефтини сатып алат.

Эске сала кетсек, Лукашенко Владимир Путин менен Сочиде февраль айындагы сүйлөшүүлөрүндө Москва нефтини 2019-жылдагы баа менен сатып алууну сүйлөшүшкөн. Бирок администрациянын орун басары Дмитрий Козактын маалыматына таянсак, белорусс тарап жеңилдик берүүнү сураса, Москва макул болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости