www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте колунда баласы бар аялды маршруттан кууп чыккан №185 маршруттук каттамдын айдоочусуна Шаардык транспорт башкармалыгы 1000 сом айып пул салып, 10 күнгө жумуштан четтетти. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айдоочу иштеген компаниясынын жетечилигине мындай окуя кайталанбарын кат жүзүндө жазып чыкты. Эгер дагы ушундай көрүнүш кайталана турган болсо, айдоочу жумуштан кетет.
Эске сала кетсек, окуя кечээ, 5-мартта саат 17:30дар чамасында “Дордой” базарынын жанында болгон.
Аталган маршруттун айдоочусу аял жыйыла турган коляска менен түшкөнү үчүн түшүрүп салганы маалым. Коляска эч кимге тоскоолдук жараткан эмес. Ал эми аял болсо колундагы бала менен отурбай эле туруп бараткан.
Кадрларда көрүнүп тургандай айдоочу аял көп жерди ээлеп, башка жүргүнчүлөрдү салууга тоскоолдук жараткандыктан, аны түшүрүп салган.
Булак: NazarNews.kg