www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясынын өлкөдөгү экономикалык абалга тийгизген таасири маселелери боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев: "Өлкөдө азык-түлүк продуктуларынын камы жетиштүү жана жарандардын тынчсыздануусуна негиз жок",- деп белгиледи.

"Коронавирустун жайылышы менен дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биздин экономикага карата таасирине талдоо жүргүзүлүп жатат. Учурда азык-түлүк продуктуларынын суроо-талапты жабууга жетиштүү камы бар. Муну менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан азык-түлүк рынокторунда жана чекене соода түйүндөрүндө бааларга мониторинг жүргүзүлүүдө. Кытай Эл Республикасы менен чек аранын жабылышы тамак-аш коопсуздугуна таасир берген жок, анткени бул өлкөдөн импорттоо ташылган азык-түлүк номенклатурасынын жалпы көлөмүнүн болгону 3% түзөт.

Мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды ташууда коронавирустун кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу үчүн жүктөрдү көзөмөлдөө чаралары күчөтүлдү. Бул бардык түрдөгү, анын ичинде темир жол аркылуу ташууларга тийиштүү. Темир жол унаалары аркылуу ташуулардын көлөмүнүн азаюусу, алды менен Кытайдын өзүндө ташуулар чектелгени менен шартталган. Бүгүнкү күнгө карата Кытайдын түндүгүндө Европа жана Борбор Азияга поезд аркылуу жүктөрдү жөнөтүү штаттык режимде калыбына келтирилди", - деп кошумчалады Эркин Асрандиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости