www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кээбир депутаттар өздөрү билип эле башкалардын ордуна добуш берип коюшат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова.
--“Жогорку Кеңеште кабыл алынып жаткан баардык мыйзамдарга депутаттар өздөрү добуш бергенге аракет кылышат. Кээде ар кандай кырдаал болот. Бирөө иш-сапар менен кетип, жыйынга катышпай калат, же ооруп калат. Ушундай сыяктуу ар кандай шарттар болуп калат Ал учурда эл өкүлдөрү кесиптештерине тапшырып кетишет. “Бул мыйзамга ооба, тиги мыйзамга жок деп басып койсоңуз” деп суранышат. Андай көрүнүш менде деле болуп калат. Аймактарга кеткенде тапшырып койом.
Айрым депутаттар өздөрү билип эле башкалардын ордуна добуш берип коюшат. Ошону көрүп элдер көрүп алып нааразы болушат. Негизи парламентте жалпы жыйынга депуттар келип, мыйзамдарга өздөрү добуш бергендери оң. Мыйзам оюнчук эмес да. Азыр мыйзамдар көп, анын ичинде беренелер дагы башкасы. Мыйзамдарды майдалабай, так жана жалпак тил менен жазган туура”, - дейт депутат Осмонова.
Булак: NazarNews.kg