www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет жактагыларды эске албаганда, өлкөдөгү шайлоочулардын саны 3,6 миллиондон азыраак ашкан. Муну мыйзамда бекитилген бир мандаттуу 36 округга бөлсөк, 100 миңден тийет. Шартка байланыштуу бул санга 20% чейин алымча-кошумча кылса да болот.

Кийинки кадам, кайсы бир райондо мына ушунунун тегерегинде шайлоочу болсо, анда ал өзүнчө округ катары калтырылды. Ашыкчасын бөлүп, жетпегендери жанындагы, чектешкен райондор менен кошулду. 

Шайлоо боюнча эксперт Айнура Усупбекова өлкөдөгү шайлоочулардын саны 3,6 миллиондон азыраак ашканын айтты. 

--"Албетте, республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү кайсы бир деңгээлде сакталды десек жарашат. Райондор бири-бирине кошулду, бирок биз бир облустун шайлоо округдарын экинчи облуска кошкон жокпуз. Эмне үчүн бул принцип алынды? Анткени пропорционалдык тутум менен өткөн шайлоодо партиялар жалпы өлкөдө жана ар бир облуста тийиштүү пайыздарды алышы керек. Алар эсептелиши үчүн облустардын аймактары бири-бирине кошулган жок", - деди ал.

Ошентип, борбор калаа Бишкек 428 599 шайлоочу менен 4 округга бөлүндү. Мында башкалаадагы төрт район – Ленин, Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондору негиз катары алынды. Болгону бирден-экиден, же эки-үчтөн шайлоо тилкелери бири-бирине өтүп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости