www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) сессиясында уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары аскердик полиция, тергөө кызматын, прокуратура жана сотторду түзүүнү көздөгөн келишимге кол коюшту. Бул тууралуу саммиттин жыйынтыгында кол коюлган декларацияга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Тараптар аскердик полиция, аскердик тергөө кызматын, аскердик прокуратура жана сотторду түзүүнү көздөгөн келишимге кол коюшту. Мындан тышкары, Афганистандагы кырдаалдан улам түштүк чек араны жакшылап коргоо үчүн Борбор Азияга контингентти ыкчам жайгаштыруунун пландарын такташты", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле ЖККУнун бириктирилген штабынын начальниги генерал-полковник Анатолий Сидоровдун башкаруу мөөнөтү үч жылга узартылды.

Эске салсак, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчөлүк кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости