www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атактуу ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Токон Эшпаевдин айжаркын ырчы кызы, раматылык ди-джей Медер Осмоналиевдин жубайы Акмаанай Эшпаева бүгүн бизде конокто.

- Акмаанай, атаң Токон Эшпаевге кандай мүнөздөмө бересиң? Сен үчүн Токон мырза кандай ата эле?

- Атам жашоодо абдан жумшак мүнөз, берешен, бирөөдөн буюмун, жардамын аябаган инсан болгон. Бир маселе жаралса, шашпай, ойлонуп иш кылчу. Үйдө апама, балдарына, кыз-келиндерине катуу сөз айтпаган момун киши эле. Кээде свет өчүп же башка ушул сыяктуу техника бузулуулары болуп калса, эч убакта атайын оңдоочу адистерди чакырчу эмеспиз. Атам анын баарын өзү оңдоп, түзөгөндү жактырчу. Мейли сантехника, мейли башкасы болсун , баарын өзү жасаган адам болгон.

- Токон агайдын башка кесипте иштешин калаар белең?

- Жок. Себеби, ушул кесиби менен элге таанылып, атак-даңкка жетти. “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген наамды алуу оңой эмес да. Эгерде атам башка кесиптин ээси болгондо да ырдаса керек эле. Себеби, үнү, таланты бар. Бирок, мен атамды башка кесиптин ээси болуусун элестете албайм.

- Эгер Токон агай ырчы эмес, бизнесмен болгондо сен ким болмоксуң?
- “Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, ишкер айым болсом керек эле, бирок өзүмдү ал жаатта такыр элестете албайм. Музыка – жан дүйнөмдүн азыгы. Ырдап турбасам ооруп калам го...

- Атаң менен сырдашчу белең?

- Бардык эле кыздар апасы менен сырдашат го. Мен да көбүнчө апам менен эле сырдашам. Апам жашоодо мыкты тарбиячы, кеңешчи. Анын айтканы, дегени боюнча иш жасайм. Атама бир сөз айткандан тартынчумун. Эгер тартынбай айткан учурда да атам өз кеңешин аябачу. Аял киши аял киши менен эле сырдашканы оң деп ойлойм.

- Белгилүү адамдын кызы болуу кандай?

- Белгилүү ата-эненин перзенти болуш чоң жоопкерчиликти талап кылат экен. Атактуу инсандын кызы болуп, ата-энемдин атына так түшүрүп, эл караган бетин жер каратып коюштан абдан корком. Менин ийгилигим, жетишкендигим менен атам менен апама арналат. Бир эле атамды эмес, апамды да эл тааныйт. Эшбаева Инабат Камбаралиева-жыйырма жылдан бери Ош шаардык Саид Бекмуратов атындагы балдардын музыкалык мектебин жетектеп келет. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Үйдө сүйкүмдүү, сүйүктүү жар жана мээримдүү эне, чоң эне, тайэне.

- Атаңдын атагы менен маселе чечесиңби?

- Атамдын талантына баа берип, сыйлагандар арбын. Жумуш менен барган жеримде “Оо Токондун кызысыңбы ” дешип жардам берип, жумуштарым оңой, бат бүтөт. Бул нерсени мен эч качан жашыра албайм.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости